ОШМУ СТУДЕНТИ ОРФОГРАФИЯЛЫК ТАЛДООДО АЛДЫДА

  • 13.10.2021
  • 0

Ош Мамлекеттик университетинин студенти АКШ элчилиги колдогон англис сөздөрүн талдоо боюнча Улуттук сынакта жеңүүчү аталды.

ОШМУ СТУДЕНТИ ОРФОГРАФИЯЛЫК ТАЛДООДО АЛДЫДА

Бишкекте Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын 14 мыкты студенти Улуттук сөз талдоо сынагына катышты. Сынакта Ош мамлекеттик университетинин студенти Минура Мирзаева “BACKLASH” сөзүн туура жазуу менен жогорку орунга ээ болду. Жеңүүчү болуп табылган соң, ал англис тилин окуу канчалык маанилүү экенин мындай деп билдирди: “Мен англис тилин Интернеттен комикстерди окуп баштагам, азыр университетте англис тилин үйрөнүп жатам. Мен илимий изилдөөлөрдү кыргыз тилине которуу үчүн котормочу болуп иштегим келет”.
Иш-чара АКШ элчилигинин колдоосу менен Эл аралык билим берүү боюнча Америка Кеңештери тарабынан уюштурулган. Бул орфографиялык талдоо сынагына катышуучулар Кыргызстандын баардык бурчтарындагы (китепканаларга негизделген, англис тилин окуу клубдары) тандалып алынган. Конкурска катышуу баардык катышуучулар үчүн акысыз.
“Биз Кыргызстандык мыкты студенттерге жакшы мүмкүнчүлүк берип жатканыбызга сыймыктанабыз”, — деди Америка кеңештеринин Кыргызстандагы директору Олеся Гарднер. “Алар бул сынакка окууга көп убактысын жана күчүн жумшады жана англис тилин үйрөнүүгө болгон аракети жана берилгендиги менен бизди таң калтырды.”

Маалымат үчүн:
Орфографиялык талдоо сынагы Америка Кошмо Штаттарында 1925-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.
Орфографиялык талдоо сынактын катышуучуларынан уккан сөздөрүн айтууну жана сөздүктө жазылгандарды туура жазууну талап кылат. Катышуучу кабыл алуучудан бул сөздү кайталап коюну  өтүнүшү мүмкүн; аныктамасын, кеп бөлүгүн жана келип чыккан тилин аныктоону жана аны сүйлөмдө колдонушун сурашы ыктымал. Сөздөрдүн татаалдыгы бирдей эмес, анткени англис тили башка тилдерден көптөгөн сөздөрдү кабыл алган.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер