ОшМУ салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүдө

  • 31.01.2025
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун студенттери жергиликтүү табигый чийки заттан жаңы дизайндагы колго жасалган буюмдарын жасоо боюнча окутуудан өттү.

ОшМУ салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүдө

Тренинг эки күнгө созулуп, ага 45 жашка чейинки 30 кол өнөрчү катышты.  Окутууну дизайнер, Педагогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучуусу Зуура Турдубаева өттү.

Жыйынтыгында, катышуучулар салттуу кол өнөрчүлүктү заманбап дизайндын айкалышуусунда өздөштүрүштү. Аны менен катар эле туристтер үчүн жагымдуу, улуттук колориттеги сапаттуу буюмдарды жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Иш-чара атайын долбоордун алкагында жүргүзүлүүдө. Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин Ош шаары боюнча вице-президенти Шарипа Ташкулованын айтымында, долбоорго өлкөнүн жети облусунан жана эки шаарынан 400 кол өнөрчүнүн катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле атайын сынактар уюштурулат. Жеңүүчүлөргө Кореядан билим алып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

“Бул долбоор жергиликтүү чийки заттарды колдонуп, туристтерге ылайыктуу сапаттуу буюмдарды жасоого багытталган. Быйыл сентябрь айында сегиз кол өнөрчү Кореянын Чонджу шаарында үч айлык окуудан өттү. Эми бул мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстандын бардык аймактарына жеткирүүнү көздөп жатабыз”, – деди Ташкулова.

Долбоор Корея менен кызматташтыкта ишке ашырылууда.  Демилге Кыргызстандын кол өнөрчүлүк тармагын өнүктүрүү менен бирге өлкөнүн туристтик потенциалын арттырууга салым кошууну көздөйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер