ОШМУ ОШТОГУ ИРИ КОМПАНИЯЛАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 22.12.2022
  • 0

Ош мамлекеттик университети Оштогу  “Ололо-хаус коворкинг” борбору жана «Алайку Органикс» компаниясы менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койду.

Келишимдин алкагында мындан ары ОшМУнун жаштар бизнес паркында билим алып, түрдүү долбоорлор менен алектенген студенттер эми Ош шаарындагы ири компаниялар менен биргеликте иш алып бара алышат.

ОШМУ ОШТОГУ ИРИ КОМПАНИЯЛАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

ОШМУ ОШТОГУ ИРИ КОМПАНИЯЛАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • ОшМУнун алдындагы Жаштар бизнес паркында окутуучулар, студенттер бир топ окуулардан өтүштү. Биздин студенттерибиз сунуштаган долбоорлордун ичинен беш студентибиздин долбоорун бүгүн өнөктөштөр колдоп беришти. Ошол кызматташуулардын алкагында “Ололо-хаус коворкинг” борбору жана «Алайку Органикс» компаниясына келип, таанышып, студенттерибизге болгон мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатабыз. Мындан ары да демилгелүү студенттерибиз үчүн стартап аянттарыбызды кеңейтүүнүн үстүнөн иш алып барабыз. Биздин студенттерибиз кайсыл факультетте, кандай адистикте окубасын, окууну аяктап жаткан мезгилде кандайдыр бир ишкерликти баштай ала турган жөндөмдөрүн пайда кылалы деген аракеттер көрүлүп жатат. Университетте биринчи курстан тартып, ишкерлик деген сабактар да кире баштады. Максатыбыз — студент кандай кесипке ээ болбосун ошол кесипке ылайык ишкерлик аракетин да баштай ала турган мүмкүнчүлүк жаратабыз. Келечекте ошол кичинекей компаниялар ири дүйнөлөк компанияларга айланат деген ишеничтебиз, — деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын жамааты жана студенттер  “Ололо-хаус коворкинг” борбору жана «Алайку Органикс» компаниясы менен жеринен таанышып, алардын иш процессин көрүп, өндүрүлгөн азыктары тууралуу маалыматтарды алды.  Окуу жай алдыда бизнес долбоорлор менен иштеген компаниялар менен кызматташууну арттырууну көздөйт.

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер