ОШМУ ӨНҮГҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫН КАБЫЛ АЛДЫ

  • 06.02.2019
  • 0

ОшМУ 2024-жылга чейин дүйнөлүк университеттердин ТОП-700  катарына кирүүгө белсенүүдө. Бул  тууралуу 4-февралда ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинде “Ош мамлекеттик университетин 2019-2024-жылдары өнүктүрүү концепциясы” талкууланып жатканда айтылды.

ОШМУ ӨНҮГҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫН КАБЫЛ АЛДЫ

ОшМУнун өнүктүрүү концепциясы “ОшМУ КЛАССИКАЛЫК  университеттен – ИЗИЛДӨӨЧҮ ИННОВАЦИЯЛЫК университетке карай” деген багыт менен “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына” негизделип жазылган. Концепция жети стратегиялык багыттан турат: биринчи багыт “Окуу процессиндеги, билим берүүдөгү инновациялар” деп аталат. Андан кийин “Классикалык университеттен-изилдөөчү университетке трансформациялоо”, “Натыйжалуу башкаруу жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү”, “ОшМУну эл аралык билим берүүнүн жана илимдин борборуна айландыруу”, “Билим берүү жана илим  инфраструктурасын өнүктүрүү”, “Санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү”, “Адамгерчилик жана руханий тарбия, ден соолук жана спорт” жана “Концепцияны турмушка ашыруудагы күтүлүүчү тоскоолдуктар жана аны азайтуунун жолдору” берилген.

Концепция өз максатында жеткиликтүү аткарылса ОшМУ үчүн төмөнкү жыйынтыктарды берет:

  1. ОшМУ 2014-жылы дүйнөлүк университеттердин ТОП-700нүн катарына кирет;
  2. Жакынкы жылдары Борбордук Азиядагы эң алдыңкы үч университеттин бири болот;
  3. “Санариптик технологиялардын университетине” айланат;
  4. “Коопсуз университет” түзүлөт;
  5. “Экологиялык университет” статусуна ээ болот;
  6. “Социалдык жоопкерчиликтүү” университетке айланат;
  7. Билимдин сапаты эл аралык стандарттарга дал келет;
  8. Билимдин сапатын баалоочу дүйнөлүк рейтингдерге катышып, өз позициясын жогорулатат;
  9. Университеттин бардык кафедраларынын өндүрүштө филиалдары ачылат;
  10. Эл аралык эмгек рыногунда ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн кадыры көтөрүлөт, кош диплом берүүнүн масштабы кеңейет;
  11. ОшМУга студенттердин, ата-энелердин, өнөктөштөрдүн ишеними артат, инвестициялардын көлөмү үч эсеге көбөйөт;
  12. ОшМУнун бюджети эки эсеге көбөйөт жана окутуучу, кызматкерлердин эмгек акысы азыркыдан эки эсеге жогорулайт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер