ОшМПУнун ТАЛАНТТАРы САХНАДА

  • 28.05.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде  Музыкалык-педагогикалык факультетинин ХОР классынын жана музыканттарынын академиялык отчёттук концерти тартууланды. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызмат борбору билдирди.

Салтка айланган бул иш-чара музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу  кафедрасы тарабынан уюштурулуп, мында кафедранын жамааты өздөрүнүн 1 жылдык иш аракетинин натыйжасын көрсөтүштү.

Отчёттук концерт эки күнгө созулуп, алгач чыгармачылык топтун хор ырлар жыйнагы кыргыз, орус, өзбек тилдеринде ар кандай жанрда аткарылды.

Андан соң 2-бөлүгүндө  оркестрдик топтор ар кандай аспаптарда кол ойнотуп, устат шакирттери өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Бул менен бирге эстрадалык  ырлар, күүлөр, бийлер аткарылып, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырышты.

Уюштуруу тобу бул концертке пандемиялык кырдаалга байланыштуу, эки жарым ай гана даярдык көрүп калышканын айтат. Окуу формасы оффлайн форматка өткөндөн тарта отчёттук концертке даярданып, жылдагыдан жаңылануу киргизип, өзгөчө өңүттө чыгармаларды аткарганга аракет кылгандарын билдиришет.

Окуу жайдын маданий чөйрөсүн кеңейтип, деңгээлин көтөрүп келе жаткан музыкалык-педагогикалык факультети эң алгачкы түзүлгөн адистиктердин бөлүгүн түзөт.  Катарда  музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу   кафедрасында учурда жалпы 300дөн ашуун кыргыз жана чет элдик студент билим алат. Ал эми аларга 20га жакын окутуучу өз билимдерин берип, талыкпай эмгектенип келе жатышат.

Бул адистикте билим алып жаткан студенттер жана бүтүрүүчүлөр өлкөбүздүн маданий чөйрөсүндө өз пайдубалдарын түптөп, маданияттын өнүгүүсүнө өзгөчө салымдарын кошуп келишүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер