ОШМПУНУН КОМАНДАСЫ «ЭЛДЕР ДОСТУГУ»  ФЕСТИВАЛЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮ

  • 12.10.2021
  • 0

Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар ортосунда өткөн «Элдер достугу» аталышындагы маданий фестивалда Ош мамлекеттик университетинин командасы башкы орунду камсыздады.

Аталган саамалык Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана «Вместе мы сила»коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Ага Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин «Японияга жумушка орноштуруу» борборунун студенттери катышып, япон элинин маданиятын, улуттук өзгөчөлүктөрүн сахнада чагылдырышты.

Ар улуттун нарк-насилин жана маданиятын даңазалап, элдердин достугун бекемдөөгө багытталган бул иш чарада ар бир окуу жай өздөрү тандап алган улуттун маданиятын көрсөтүшүп, катышуучулар өз чыгармачылыктарын тартуулашты.

Иш-чара эстрада жылдыздарынын да катышуусунда өтүп, атайын калыстар тобу да дайындалган. Фестивалдын жыйынтыгында комиссиянын чечими менен өзгөчө даярдык менен катышкан ОшМПУнун командасына 1-орун ыйгарылып, атайын ДИПЛОМ жана 15 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер