ОшМПУнун КОЛЛЕДЖИ АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

  • 19.02.2024
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде көз карандысыз аккредитациялоо жүрүп, алдын ала жыйынтыгы боюнча ийгиликтүү өткөндүгү маалымдалды.

ОшМПУнун КОЛЛЕДЖИ АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

13-14-февраль күндөрү Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан орто кесиптик билим берүү боюнча беш багытта 050709 –башталгыч билим берүү, 050704- мектепке чейинки билим берүү, 080106- финансы (тармактар боюнча), 050721-дене тарбия, 040101-социалдык иш, 230108-конпьютердик системалар жана комплекстер, 050303-чет тили адистиктери боюнча баалоо кызматы жүргүзүлдү.

ОшМПУнун КОЛЛЕДЖИ АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

Аккредитациялоонун жүрүшүндө эксперттик топ белгиленген стандарттарга ылайык окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуп, университеттин жалпы инфраструктурасын кыдырып, окутуудагы артыкчылыктар жана кемчиликтер дыкаттык менен каралды. Бул менен катар студенттер, бүтүрүүчүлөр, ата-энелер, иш берүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр жана профессордук-окутуучулук курам менен  жолугушуп, ар биринен интервью алынды.

Программанын экинчи күнү колледждин администрациясы менен интервью өткөрүлүп, окуу процессин талдап, жөнгө салууга тийиш болгон сунуштар айтылды. Жыйынтыгында эксперттер менен жалпы колледждин окутуучулар жамааты жана жетекчилиги менен жыйын өткөрүлүп, тышкы баалоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча жалпы корутунду жарыяланды. Мында эксперттер жамааттын ишмердүүлүгү мыкты деңгээлде жүрүп, жалпы стандарттар талапка ылайык ишке ашып жатканын белгилешти.

Алдыда ОшМПУнун колледжи беш жылдык мөөнөткө билим берүү программаларын ишке ашырууга уруксат алуу менен сертификатка ээ болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер