ОшМПУда «ЯПОНИЯДА ОКУУ — 2023» ЖАРМАНКЕСИ ӨТТҮ

  • 09.02.2023
  • 0

ОшМПУда "ЯПОНИЯДА ОКУУ - 2023" ЖАРМАНКЕСИ ӨТТҮ

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Японияда окуу — 2023» аталышында жарманке болуп өттү.

Окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев Цукуба университетинин профессору Ито Хиронори баштаган делегациясын кабыл алды. Мында эки окуу жайдын буга чейинки кызматташтыгы жана алдыдагы пландары боюнча пикир алышкан соң студенттер менен жолугушту.

ОшМПУда "ЯПОНИЯДА ОКУУ - 2023" ЖАРМАНКЕСИ ӨТТҮ

Иш-чарага Кыргыз-Жапон борборунун директору Иван Ацуму, КРдеги Япониянын элчилигинин башкы адиси Нурия Курманалиева, элчиликтин өкүлү Санно Акире, Цукуба университетинин профессору Ито Хиронори жана Ош-Жапон борборунун мүчөлөрү, университеттин окутуучулары, студенттери катышты.

Жапон тилин жана маданиятын Кыргызстандын түштүк аймагында жайылтуу, Японияга окууга, жумушка чакыруу максатында өткөрүлүп жаткан жарманке   катышуучуларга аталган өлкөдөгү Цукуба университети сыяктуу бир катар престиждүү, мыкты ЖОЖдор боюнча маалымат берди.

ОшМПУда "ЯПОНИЯДА ОКУУ - 2023" ЖАРМАНКЕСИ ӨТТҮ

Бул менен бирге окууга тапшыруунун жол-жобосу, академиялык мобилдүлүк, стипендиялар боюнча презентация жасалып, студенттерди кызыктырган бир топ суроолорго тийиштүү адистер жооп беришти.

Эскерте кетсек Япония менен ОшМПУнун кызматташтыгы артып, улам жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралып, ага ылайык университеттин бир канча студенттери Японияга барып практика өтөп келишүүдө. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Ч.К., “КБ”

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер