ОшМПУда РОБОТОТЕХНИКА БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
- 05.02.2025
- 0
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин математика жана компьютердик технологиялар факультетинде Робототехника борбору ачылды.
Маалыматка таянсак, ачылуу аземге университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик курам жана аталган факультеттин жамааты катышып, алгач коноктор аталган борбордун кызыл тасмасын кесишти. Ага ылайык долбоордун негиздөөчүсү Айсырга Ырысбаева каананын ичиндеги жабдыктар жана андагы мүмкүнчүлүктөр, роботтордун иштөө механизми тууралуу маалымат берип, кенен тааныштырып өттү.
Аны улай катышуучуларга студенттер тарабынан жасалган роботтор көрсөтүлүп, мында алар ошол долбоорлорунун негизинде жождор аралык сынактарга катышуу менен тажрыйба алмашып келгендигин айтышты.
— Аталган факультетте физика-метематикалык билим берүү багыты жана информатика профили адистиги бар. Мына ошол адистикте азыркы мезгил талабына ылайык робототехника предмети окуу планына ылайык киргизилген. Сабакта теориялык билимди практика жүзүнө ашыруу үчүн сөзсүз түрдө каражаттар менен камсыз кылуу керек. Бизге бул мүмкүнчүлүктү түзүп берген жетекчиликке терең ыраазычылык билдиребиз, – дейт информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасынын башчысы Кандалат Турдубаева.
Алдыда аталган лаборотория студенттердин технологиянын заманбап жетишкендиктерин өздөштүрүүсү, чыгармачылыгын өнүктүрүүсү жана инновациялык идеяларды ишке ашыруусу үчүн кызмат көрсөтөт. Иш-чаранын соңунда робототехника предметин мыкты өздөштүргөн студенттерге сыйлыктар тапшырылды.
Белгилей кетсек, аталган борбор университеттин 100 жылдыгына, математика жана компьютердик технологиялар факультетинин математика жана информатика адистиктеринин ачылгандыгынын 20 жылдыгына карата окуу жай жетекчилигинин колдоосу менен түзүлдү.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер