ОШМПУДА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТТҮ

  • 14.04.2023
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жаштардын билимге умтулуусун күчөтүп, жаңы маалыматтардан артта калбоого үндөө максатында факультеттер аралык “Билимдүүгө дүйнө жарык” аталышында интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.

ОШМПУДА  ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТТҮ

Аталган таймашка 2-курсунда билим алган студенттер тандалып алынып,  жети команда ат салышты. Катышуучулар жободо белгиленгендей “Кыргызстан тарыхы”, “Дүйнөлүк бренддер”, “Аралаш суроолор”, “Мультикино ааламы”, “Матрица УРУ” жана  “Логикалык суроолор” категорияларына байланыштуу суроолорго жооп берүү менен атааңдаштык жаратышты. Суроолор бардык предметтерди өзүнө камтып, логикалык акыл-эсти жогорулатууга багытталды.

ОШМПУДА  ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТТҮ

Жыйынтыгында, гуманитардык факультетинин  “Diamond” командасы 3-орунду ээлесе,  математика жана компьютердик технологиялар факультетинин “Эйнштейн” тайпасы 2-орунду, музыкалык-педагогикалык факультетинин “Жаш канат”  командасы  1-орунду багындырды.  Жеңүүчүлөр диплом, акчалай сыйлык жана белектер менен сыйланышты.

Айгерим Токтобаева, “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер