ОШМПУДА БЕШ КАБАТТУУ ЖАҢЫ ОКУУ КОРПУСУ КУРУЛУУДА

  • 22.03.2022
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университети өз каражатынын эсебинен заманбап үлгүдөгү беш кабаттуу корпусун салууда. Курулуш иштери 2021-жылдын декабрь айында  башталган.

ОШМПУДА БЕШ КАБАТТУУ ЖАҢЫ ОКУУ КОРПУСУ КУРУЛУУДА

Учурда имараттын жертөлө бөлүгүндө колонналары тургузулуп, аларга бетон куюу иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери максималдуу тез убакытта жүрүп, эки жылга пландалган убактысынан да эрте бүтүү пландалууда. Бул боюнча университеттин чарба иштери боюнча проректору Сталбек Сейдалиев төмөндөгүлөргө токтолду:

“Окуу жайга тапшырган студенттердин саны арткандыктан, кааналар жетишпей, жаңы имарат курууга муктаждык жаралды. Бул имарат эл аралык стандарттын талаптарына ылайык заманбап үлгүдө, жаңы шарттар менен курулуп жатат. Планга ылайык жаңы корпус 2023-жылга курулуп бүтүүсү маалымдалган. Бирок  бүгүнкү күндө куруу иштери ыкчам жүргөндүктөн имараттын ишке берилүү күнү жакындап жатат”.

Имараттын жалпы аянты  36*21 м2 түзсө, студенттер үчүн колдонула турган ички аянты 3600м2 түзөт. Корпус өзүнө лекциялык кааналарды, кеңешме зал,  китепкана, акт зал, ашкана, аудиторияларды камтыйт.

Окуу корпусунун жалпы сметалык каражаты алгач “ОсОО Перспект-Проект” ишканасы тарабынан эсептелип, 154 123 580 сомду түзгөн.

КРдин мыйзамадарына ылайык сатып алуулар конкурсуна жарыя берилип, имаратты курууну АОО “Юг-Стройсервис” ишканасы 120 063 403 сом каражаты менен тендерди жеңип алган.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер