ОШМПУ БАТКЕН ЭЛИ МЕНЕН

  • 31.05.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде уюштурулган “Биз Баткен эли менен биргебиз” марафонунда 100 000 сом акча каражаты топтолду.

Аталган марафон окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуевдин демилгеси менен Жаштар Комитети тарабынан уюштурулуп, мында окутуучулар жана студенттер өз ыктыяры менен акча чогултууга өз салымдарын кошушту.

Бир гана акча эмес кошумча азык-түлүк, үй тиричиликке керектүү буюмдар чогултулуп,  марафондо топтолгон 100 000 сом акча каражатын окуу жайдын атынан Баткен районуна барып муктаж болгон  жарандарга берип келишти.

Алардын катарын райондо үйлөрү күйүп, турак-жайы жок атайын уюштурулган лагердин чатырларында күн кечирип жаткан 16 үй-бүлө жана бала бакчадагы жаш балдар, айрым  кары-картаңдар  толукташат.

Чек арадагы коштолгон каргашалуу окуянын кесепетин жон-териси менен сезип жаткан Баткен эли учурда чынында жардамга муктаж болуп турган чагы. Мына ушундай кыйын кырдаалда жардам колун сунган окуу жай жамаатын  жалпы эл менен бирге Баткен облусунун өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфжан Тулаев жылуу кабыл алышып, университеттин жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, бул марафондон сырткары ОшМПУнун эмгек жамааты өздөрүнүн бир күндүк эмгек акысын да которушкан. Анын жалпы суммасы 350 000 сомду түзөт. Ал да болсо жабыр тарткан үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилген.

Бөлүшүү

Комментарийлер