ОШ: ЖАҢЫ МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧА ИШКЕ БЕРИЛДИ
- 06.10.2026
- 0
Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда өлкө боюнча 20 социалдык объекттин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Алардын катарында Ош шаарындагы №60 Сүрөттүү-Таш жалпы билим берүү мектеби жана №10 «Топ-Жылдыз» мектепке чейинки билим берүү уюму да бар. 
Ош шаарынын Сүрөттүү-Таш айылында жайгашкан №60 жаңы мектеп 500 окуучуга ылайыкталган. Аталган билим берүү мекемесинин курулушу быйылкы жылдын апрель айында башталып, каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлгөн. 
Жаңы билим уясын кыдырып чыккан Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев имараттын сапаттуу курулганын белгилеп, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле калаа башчысы окуучулардын билим сапатына өзгөчө көңүл буруу, сабактарды заман талабына ылайык кызыктуу өтүү керектигин айтып, ошондой эле мектепте дилбаян сынагын өткөрүү менен алдыңкы окуучуларга стипендия ыйгарууну убадалады. 
Муну менен катар эле калаадагы эскилиги жетип, көп жылдан бери оңдолбой келген №10 «Топ-Жылдыз» бала бакчасынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кайрадан өз эшигин ачты. 
Салтанаттуу ачылышка Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, тиешелүү жетекчилер жана бакча жамааты катышты. Эки кабаттуу, 450 балага ылайыкталган бала бакчанын ачылышында мэр шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тартыштыгын жоюу багытында активдүү иштер уланып жатканын баса белгиледи.
А.К., «КБ»

