ОШ ШААРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИ КАН ТАПШЫРЫШТЫ   

  • 03.05.2021
  • 0

Ош шаарындагы мектептердин мугалимдеринен жана Ош шаардык мэриясынын кызматкерлеринен турган  ыктыярдуу  топ Ош облустук кан борборунда кан тапшырып жатышат.  

  • Ушундай кыйын абалда “Баары Баткен үчүн!” деген ураан менен элибиздин патриоттук сезимин ойготкон инсандарыбыз өз ыктыяры менен келүүдө. Ош облустук кан борбору Баткен областындагы кырдаалга байланыштуу, күнү-түнү кан алууну улантып жатат. Башка ыктыярчыларды дагы келип кан тапшырып кетүүгө чакырып кетээр элек, — дейт демилгечи топтун уюштуруучусу, Ош шаарындагы №52 “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп-лицейинин мугалими Бектурган Мизамидин уулу.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер