ОШ ШААРЫНДА ЖРТДАН ЖОГОРКУ УПАЙ АЛГАН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
- 24.07.2026
- 0

Ош шаарындагы «Meery Garden» эс алуу багында Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) өзгөчөлөнүп, жогорку көрсөткүчкө жетишкен бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү.

Калаа мэриясы билдиргендей, салтанаттуу иш-чарага шаар башчысы Жанар Акаев катышып, бүтүрүүчүлөрдүн ийгилиги менен куттуктады. Мэр билим сынагында 210дон жогору упай топтоого жетишкен окуучуларга Ош шаарынын мэриясынын атынан акчалай сыйлыктарды жана ноутбуктарды тапшырды.

Айта кетсек 2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынан ЖРТда бир“Алтын сертификат” ээси аныкталып, дагы бир бүтүрүүчү эң жогорку упайга ээ болгон. лтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, билим сынагында мыкты жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөрдү жеңиши менен куттуктады. Шаар башчысы жаштарга ийгилик каалап, алардын жетишкендиктери талыкпаган эмгектин, тынымсыз изденүүнүн жана максатка умтулуунун жемиши экенин билдирди. Шаардын мэри ошондой эле бул жетишкендиктер — Ош шаарынын жаштарынын билимге болгон умтулуусунун жана алдыга койгон бийик максаттарынын жаркын көрсөткүчү экендигин да баса белгилеп өттү.
М.Т.
Комментарийлер