ОШ ШААРЫНДА 9 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫ КОЮП КЕТКЕН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ
- 18.09.2023
- 0
Ош шаарында Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол жээгинде турган 9 жаштагы баланы коюп кеткен. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 17-сентябрда Жапалак айылындагы Ташиев көчөсүндө катталган.Анда айдоочу үйүнүн жанында ойноп жаткан М.А. аттуу бала сүзүп, белгисиз тарапка кетип калган.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү такталган. Ал Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган К.К. аттуу тургуну болуп чыккан.
Автоунаа айып короосуна киргизилип, айдоочусу Тергөө кызматына жеткирилген.
Жабыркаган бала ооруканага жеткирилген, учурда абалы канааттандырарлык экендиги айтылды.
Бөлүшүү
Комментарийлер