ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУ

  • 16.06.2020
  • 0

ОшМЮИ Кыргызстандын түштүк чөлкөмүндөгү адистешкен жалгыз жогорку окуу жай.

 

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУ

Токторов Эгемберди Самидинович, ОшМЮИнин ректору ю.и.к., профессор

 

 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген лицензиялардын негизинде:

  • «Юриспруденция», бакалавр академиялык даражасы (№ LD170001024, тиркеме 1, 2);
  • «Юриспруденция», магистр академиялык даражасы (№ LD150000066);
  • «Соттук экспертиза» (№ LD170001024, тиркеме 3);
  • «Бажы иши» (№ LD170001024 тиркеме 4, 5);
  • «Укук таануу» (№ LC160000059)

багыттары жана адистиктери боюнча күндүзгү,   дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу формаларында адистерди даярдайт.

ОшМЮИ 2017 – жылы көз карандысыз билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан аккредитациялоодон ийгиликтүү өткөн. Ал жараян ОшМЮИдеги билим берүүнүн сапаты талаптагы критерияларга жана стандарттарга толук жооп берээрин тастыктады жана эл аралык билим берүү мейкиндигине ишенимдүү кадам таштоого өбөлгө түздү.

 ОшМЮИнин факультеттери жана бөлүмдөрү

  • Сот-прокуратура факультети;
  • Тергөө-криминалистика факультети;
  • Адвокатура, башкаруу жана укук факультети;
  • Укук жана ишкердүүлүк факультети;
  • Сырттан окуу юридикалык факультети

(жогорку билимдин   негизинде);

  • Дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу факультети;
  • Юридикалык колледж;
  • Магистратура;
  • Аспирантура.

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУ

Профессордук-окутуучулук жамааты

Окуу жайда 50дөн ашык илимдин докторлору жана кандидаттары, профессорлор, доценттер, сот жана укук коргоо органдарында көп жыл иштеген практикалык бай тажрыйбага ээ адистер билим берүүдө.

Материалдык-техникалык базасы

ОшМЮИ мезгил талабына жооп берген 3 окуу имараттан 1 жатаканадан 1 жабык спорт залдан жана 2 ачык спорттук аянттан турат. Институт заманбап каражаттар менен жабдылган мультимедиалык,  компьютердик класс жана окуу аудиториялары, лабораториялары, криминалистика полигону, сот залы, криминалистика кабинеттери, институттун адисттик өзгөчөлүгүнө дал келет.

ОшМЮИ студенттерди бардык шарттарга жооп берген жатакана менен камсыз кылат.

Окуу жайда «Кут ордо» мамлекеттик тил, «Медиа» борборлору, Юридикалык клиника өз ишин жигердүү жүргүзүүдө. ОшМЮИнин алдындагы клиникада студенттер практикалык билимдерин жогорулатып, тажрыйбалуу юристердин жетекчилиги менен калкка акысыз укуктук жардам берүү иштерин үзүрлүү жүргүзүүдө.

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУ

 Студенттик жашоо

ОшМЮИде ар түрдүү маданий, коомдук жана тарбиялык иш чаралар тынымсыз өткөрүлөт. Студенттердин өз алдынча башкаруу уюму – Жаштар комитети иштейт. Студент жаштардын ар тараптуу калыптануусу үчүн атайын түзүлгөн борборлор, дискуссиялык клубдар жана ден-соолукту чындоо максатында спорттун түрлөрү боюнча машыгуу залдары иш алып барат. ОшМЮИнин студенттери окууда, коомдук-массалык иш-чараларда, спорттук мелдештерде алдыңкы жетишкендиктерди багындырып, ОшМЮИде билим алуу терең жана ар тараптуу экендигин далилдешти. Акыркы жылдардагы аймактык студенттик олимпиадада «Юриспруденция» багыты боюнча 1,2,3 орундарды биздин студенттер ээлешти. 2019-жылы ОшМЮИнин студенти Орозбай уулу Альберт волейбол боюнча Азия чемпиону болду.

Эл аралык билим берүү кызматташтыгы

ОшМЮИнин мыкты студенттери жана ОПК Кытай элдик Республикасынын жогорку окуу жайларында (Ланьчжоу университети, Хеси университети), Казахстанда (Казак эмгек, социалдык башкаруу академиясында), Россия Федерациясында — Сибир федералдык университети, Урал мамлекеттик юридикалык университети, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университеттеринде тажрыйба алмашуудан өтүшөт.

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУ

ОшМЮИнин бүтүрүүчүлөрү иштөөчү тармактар

«Юриспруденция» багыты боюнча бүтүрүүчүлөр сот, прокуратура, ички иштер органдарында, улуттук коопсуздук органдарында, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматында,  адвокатурада, нотариалдык контораларда, мамлекеттик органдардын, банктардын, жеке ишканалардын, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын юридикалык кызматтарында, о.э. ЖОЖдордо окутуучулук багытында иштей алышат.

“Соттук экспертиза” адистигинин бүтүрүүчүлөрү эксперттик, техникалык — криминалистик, маалыматтык, уюштуруу-башкаруу, илимий-изилдөө багыттары боюнча укук коргоо органдарында жана жеке уюмдарда иш алып барышат.

“Бажы иши” адистигинин бүтүрүүчүлөрү бажы органдарынды, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматында, салык органдарында, мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде, ички иштер органдарында, чек ара кызматтарында, тышкы соода ишмердиги менен иш жүргүзгөн ишканаларда, бажы чөйрөсүндө ишкердик менен иш алып барган уюмдарда иштей алышат.

Юридикалык колледждин бүтүрүүчүлөрүнө «Укук таануу» адистигиндеги диплом берилет. Алар андан ары адистештирилген факультеттердин биринде окууну 2, 3-курстан улантууга же юридикалык мекемелерде ишмердүүлүк жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУ

 Окуу мөөнөтү                                                                           

Күндүзгү окуу формасы боюнча:

  • «Юриспруденция», жогорку кесиптик бакалавр — 4 жыл;
  • «Юриспруденция», жогорку кесиптик магистр – 2 жыл;
  • «Соттук экспертиза», жогорку кесиптик «адис» — 5 жыл;
  • «Бажы иши», жогорку кесиптик «адис» — 5 жыл
  • «Укук таануу», орто кесиптик (юрид. коллежд)

9 — класстын билими менен 2 жыл 10 ай;

11- класстын билими менен – 1 жыл 10 ай;

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУ

Сырттан  окуу формасы боюнча:

  • «Юриспруденция», жогорку кесиптик бакалавр, дистанттык технологияларды колдонуу менен – 5 жыл;
  • «Юриспруденция», жогорку кесиптик бакалавр, жогорку билим базасында- 3 жыл;
  • «Юриспруденция», жогорку кесиптик магистр – 2 жыл 6 ай;
  • «Бажы иши», жогорку кесиптик «адис» — 6 жыл;
  • «Укук таануу» орто кесиптик (юрид. коллеж) 11- класстын билими менен – 2 жыл 6 ай.

 Кабыл алынуучу документтер

 1. Жалпы республикалык тесттин талону (11-класстын базасындагыларга);

2. Орто билим жөнүндө аттестат;

3. Юридикалык колледж үчүн толук эмес орто билим  жөнүндөгү күбөлүк (9-кл.);

4. Жогорку же атайын орто кесиптик билими менен  — жогорку же атайын орто кесиптик билими тууралуу диплом тиркемеси менен (түп нускасы) же нотариус тара бынан тастыкталган көчүрмөсү;

5. 063-формасындагы медициналык маалым кат 9-класстар үчүн;

6. 3×4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;

7. Паспорт жана аскердик билет (көчүрмөсү).

 

Биздин дарек: Ош шаары, Раззаков көчөсү 19.

                            (Болжол: Мамкаттоо, Гүлкайыр аялдамасы)

 

Тел.: (03222) 8-40-24, 8-97-37

(+966)554-488-746, (+996)772-488-746

Эл. почта: [email protected]

Автоунаалардын каттамы: №113, 122, 109, 107, 145, 128

1-троллейбус, 2-автобус

 сайт: http://oshgui.kg

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер