ОШ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУНДА “КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК – УЛУТ НАРКЫ” АТТУУ ОБЛУСТУК СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 24.05.2022
  • 0

Ошто “Кыргыз Республикасында 2021-2030-жылдарга карата мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясынын” алкагында жана Ош билим берүү институтунун 60 жылдык маарекесине карата “Кол өнөрчүлүк – улут наркы” аттуу чыгармачыл мугалимдердин облустук семинары болуп өттү.

ОШ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУНДА “КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК – УЛУТ НАРКЫ” АТТУУ ОБЛУСТУК СЕМИНАР ӨТТҮМаалыматка ылайык, аталган семинардын максаты элибиздин тарыхын, маданий баалуулуктарын сактоону жана улантууну ишке ашыруу, мектеп окуучуларына кыргыз элинин көркөм кол өнөрчүлүгүн үйрөтүүнү мугалимдер арасында жайылтуу, улуттук маданий көз карашты калыптандыруу, ошондой эле тажрыйба алмашуу болгон.

Семинарда Өзгөн районундагы “Бахмал”орто мектебинин технология мугалими Саипова Бумайрам, Өзгөн районундагы А.Төлөнов атындагы орто мектебинин технология мугалими Батырова Гүлжамал, Алай районундагы Б.Абжапаров атындагы орто мектебинин технология мугалими Бообеков Орозбай сабак өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Мындан тышкары Ж.Акматов, Б.Сатыбалдыева, Б.Исакулова окуучулары менен биргеликте мастер-класстарды көргөзүп, мугалимдердин алкышына ээ болушту.

ОШ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУНДА “КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК – УЛУТ НАРКЫ” АТТУУ ОБЛУСТУК СЕМИНАР ӨТТҮБул иш-чаранын жыйынтыгында мугалимдер Ош билим берүү институнунун Ардак грамотасы, ал эми окуучулар ыраазычылык баракча менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер