«МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТУУ»
- 28.06.2026
- 0
Бул жылы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы белгиленет. Ушул маанилүү мааракенин алкагында Агартуу министрлиги менен бирге «Сейтек» борбору уюштурган «Мекеним Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу» аттуу республикалык фестиваль 27-июндан 3-июлга чейин «Көгүлтүр Ысык-Көл» эс алуу санаторийинде өтүүдө.

Фестивалга Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынан келген 600дөй таланттуу балдар катышууда.
Фестивалдын жүрүшүндө «Балдарыбыздын көз карашындагы сүйүктүү аймагыбыз» аттуу сүрөт жана кол өнөрчүлүк сынагы, «Өз аймагынын маданий мурасын таанытуу», «Көл жээгиндеги улуттук оюндар», Нептун күнү, Кумдуу Кыргызстан аттуу иш-чаралар өткөрүлмөкчү.
Борбордун директору Эрик Латыповдун айтымында, бул фестиваль жөн гана концерттик программа менен чектелбейт.
— Иш-чаранын алкагында көптөгөн кызыктуу сынактарды өткөрөбүз. Алсак, асфальтка сүрөт тартуу жана кумдан сепил куруу мелдештери өтөт. Ошондой эле катышуучулар өздөрүнүн чыгармачылык борборлору тууралуу айтып берип, эмне үчүн ушул ансамблди тандашканын жана кандай ийгиликтерге жетишкенин ортого салышат. Биздин башкы максатыбыз — өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген балдарды өз ара тааныштырып, достугун чыңдоо. Фестивалга келген өспүрүмдөрдүн сахнага кийген кийим өзгөчөлүктөрү жана багыттары менен таанышып, жалпы кызыкчылыктардын айланасында баш кошуусу абдан маанилүү. Маданий иш-чаралардан сырткары, борбордун ушу мектебинин спортчулары да өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Алар ден соолукту чыңдоо менен бирге ушу искусствосунун техникасын, виртуоздуулугун жана кесипкөйлүгүн кынтыксыз деңгээлде көрсөтө алышат деп ишенем. Бизди өзгөчө кубанткан жаңылык — Олимпиадалык резервдин таэквондо багыты боюнча эки жаш машыктыруучуну жумушка алганыбыз болду. Алар кыска убакыттын ичинде, тагыраагы, жарым жылда мыкты топ курап, алгачкы ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөтө башташты. Бул «Сейтек» борбору бир гана хореография багытында чектелбестен, спорттук чөйрөдө да кулач жайып, ийгиликтүү өнүгүп жатканынын далили, — дейт директор.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»








Комментарийлер