ОРУСИЯ КЫРГЫЗСТАНДА ТОГУЗ МЕКТЕП КУРУП, ЖЕТЕКЧИЛЕРИН ӨЗҮ ДАЙЫНДАЙТ

  • 24.01.2023
  • 0

Орусия Кыргызстанда тогуз  мектепти кайсы жерге кура тургандыгын билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

ОРУСИЯ КЫРГЫЗСТАНДА ТОГУЗ МЕКТЕП КУРУП, ЖЕТЕКЧИЛЕРИН ӨЗҮ ДАЙЫНДАЙТ

Министр Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында курулуш иштерине Орусиянын өкмөтү каражат берерин айткан. Мындан сырткары ал мектептерге Орусиянын Агартуу министрлиги тарабынан орус жарандары жетекчи катары дайындалаары белгилүү болгонун кабарлады.

Ар бир мектептин курулушуна болжолдуу түрдө 450 миллион рубль жумшалмакчы. Мектептер 1200 орунга ылайыкташтырылып, Кыргызстандын бийлиги тарабынан үч гектар жер тилкеси бөлүнүп берилет.

У.Мамбетакунов мектептерди куруу үчүн талаптарга жооп берген жерлердин тизмесин жарыялады. Алар: Бишкек шаары (Сухэ-Батор көч.); Ош шаары; Баткен шаары; Ош облусу (Прогресс айылы); Жалал-Абад шаары; Талас шаары; Чүй району (Новопавловка айылы); Нарын району (Кеңеш айылы) жана Каракол шаары.

Мектептер үч жылдын ичинде салынып бүтөөрү пландалууда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер