ОЛИМПИАДАНЫН АЛДЫҢКЫЛАРЫ МЕКЕНИНЕ КАЙТЫП КЕЛИШТИ
- 31.07.2024
- 0
Физика боюнча 54-эл аралык олимпиадада (54th International Physics Olympiad) жана химия боюнча 56-эл аралык олимпиадада (56th International Chemistry Olympiad) коло медаль жеңген окуучуларды “Манас” эл аралык аба майданынан билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев тосуп алды.
Физика боюнча эл аралык олимпиадада Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Бектур Баратали коло медаль тагынса, А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 10-классынын окуучусу Аскар Абдиев ардак грамота алган.
Ал эми химия боюнча эл аралык олимпиадада UWIS эл аралык мектебинин 12-классынын окуучусу Иван Решетников коло медалга ээ болсо, Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу Эржан Жапаров ардак грамотага татыктуу болду.
Белгилей кетсек, физика боюнча эл аралык олимпиада Иранда, химия боюнча эл аралык олимпиада Сауд Арабияда өткөн.
Бөлүшүү
Комментарийлер