ОКУУЧУЛАРГА ЖАҢЫ АШКАНА

  • 23.01.2019

Нарын районунун Д.Мамбетов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн жаңы ашкана иштеп баштады.

ОКУУЧУЛАРГА ЖАҢЫ АШКАНА

Маалым болгондой, мектептин эски имараты оңдоодөн өтүп, балдар тамак ичүүчү ашканага ылайыкталып жасалгаланды.

  • Ашкананы жасалгалоого жалпы 1 миллион 500 миң сом жумшалды. Акча каражаты мамлекеттин, ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен каралды. Эми балдар жумасна төрт күн ысык тамак ичип, бир маал ботко жешет. Ал эми ашканага керектүү заманбап жабдыктарды демөөрчүлөр алып беришкен. Ошондой эле ата-энелердин эсебинен айына 100 сомдон берилип турат. Учурда мектепте 125 балага ысык тамак берилүүдө, — дейт аталган мектептин директору Айгүл Молдобаева.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү