ОКУУЧУЛАРГА АВТОБУС  БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

  • 21.02.2024
  • 0

Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын окуучуларын мектепке ташып жеткирүү үчүн бир чакан автобус белекке берилди.

ОКУУЧУЛАРГА АВТОБУС  БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

Маалыматка ылайык, автобус «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Миң-Куш филиалы менен биргеликте иш алып барып жаткан «Шанси Коал Инвестмент групп» компаниясы тарабынан берилди.

Унааны тапшыруу иш-чарасына «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору А.Сейиткожоев, Жумгал районунун акими А. Набиев, Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Сасыкулов катышты.

Учурда Миң-Куш айыл өкмөтүндө 900 түтүн, же 6594 калк жашайт. 1008 окуучу Миң-Куш айылындагы 3 мектепке жана Кабак айылындагы 2 мектепке барып-келип окушат. Айылдардын аралыгы алыс болгондуктан мектеп окуучуларына транспорт каттамы зарыл болчу. 2023-жылы КР Президенти тарабынан дагы эки чакан автобус окуучуларга белекке берилген.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер