ОКУУЧУЛАРГА 60 ОРУНДУУ ЖАТАКАНА САЛЫНДЫ

  • 06.06.2022
  • 0

4-июнда Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жайгашкан №55-кесиптик лицейи Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы, Министрликтин алдындагы республикалык илимий-методикалык борбор менен биргеликте КРдин кесиптик-техникалык билим берүү системасынын түзүлгөндүгүнүн 80 жылдык мааракесинин алкагында “Башталгыч кесиптик билим берүү: актуалдуу маселелер, келечек пландар” аттуу семинар-кеңешме өткөрдү.

 

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнура Мамырова, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, жергиликтүү билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, Ысык-Көл облустук кесиптик лицейлери, тургундар жана башкалар катышты.

ОКУУЧУЛАРГА 60 ОРУНДУУ ЖАТАКАНА САЛЫНДЫ

Семинар-кеңешме Ысык-Көл облусундагы кесиптик лицейлер ортосунда тажрыйба алмашуу, лицейде жүргүзүлүп жаткан окуу-өндүрүштүк иштердин абалы, материалдык-техникалык базасы, жетишкен ийгиликтери менен таанышуу максатын көздөдү.

ОКУУЧУЛАРГА 60 ОРУНДУУ ЖАТАКАНА САЛЫНДЫ

Семинардын жүрүшүндө башкармалыктын башчысы Гульнара Мамырова башталгыч кесиптик билим берүү системасындагы көйгөйлүү маселелер, реформалык кадамдар, алдыга коюлган пландар тууралуу кеңири маалымат берди. Окуу жайлардын директорлору конкреттүү проблемаларга токтолуп, жетекчиликтен маселелерди чечип берүү өтүнүчтөрүн келтиришти.

ОКУУЧУЛАРГА 60 ОРУНДУУ ЖАТАКАНА САЛЫНДЫ

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Айнура Султанбаева мындан ары облустук деңгээлде иш-чаралар планына кесиптик лицейлердин маселелерин да кошуп, ар тараптан жардам колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Ал эми катышуучулар тарабынан көйгөйлөр угулуп, аларды чечүү жолдору тууралуу кеңири талкуу болду. Семинар-кеңешменин соңунда биргелешип аткарыла турган иш-чаралар боюнча резолюция кабыл алынды.

ОКУУЧУЛАРГА 60 ОРУНДУУ ЖАТАКАНА САЛЫНДЫ

Иш-чаранын маданий бөлүгүндө:

• №55-кесиптик лицейдин ийримдеринин катышуучулары тарабынан даярдалган көргөзмө уюштурулду;

• Аскерге чейинки даярдоо комплексинин (саптык даярдык плацы, аскердик даярдык кабинети, күрөш залы) ачылыш аземы болду;

• №55-кесиптик лицейдин жамааты, окуучулары тарабынан уюштурулган аскердик парад өткөрүлдү.

• 60 орундуу окуучулар жатаканасынын ачылыш аземи болду

Бөлүшүү

Комментарийлер