ОКУУЧУЛАРДЫН КАЙРЫМДУУЛУК КЕРБЕНИ

  • 17.11.2022
  • 0

Окуучулар “Бактылуу балалык кербени” бир айлыгынын алкагында Ак-Суу районундагы ден соолугунан жабыркаган балдарды реабилитациялоо борборуна барып, ишембилик өткөрдү.

ОКУУЧУЛАРДЫН КАЙРЫМДУУЛУК КЕРБЕНИ

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен 2022-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин уюштурулган бул бир айлык ден соолукка кам көрүү, саламат жашоо сабактарынын сырлары менен бөлүшүү, балдар арасындагы укук бузууларды жана зомбулукту алдын алуу максатын көздөйт.

“Бактылуу балалык кербенинин” жүрүшүндө Ак-Суу районунун, Каракол шаарынын окуучулары Ак-Суу районундагы балдарды реабилитациялоо борборуна барып, дарыгерлер жана балдарынын энелери менен жолугушуу уюштуруп, балдарга жаман адаттан алыс болууга, ден соолуктарына кам көрүүгө чакырып өтүштү.

ОКУУЧУЛАРДЫН КАЙРЫМДУУЛУК КЕРБЕНИ

Балдар аталган акциянын алкагында реабилитациялоо борборунун аймагын тазалап, энелерге жана балдарга жылуу маанай тартылоо менен дарыгерлерге ыраазычылык билдиришти.

Иш-чараны өткөрүүгө Каракол шаарынын мэриясы, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы жана К. Карасаев атындагы лицейи көмөк көрсөттү.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер