ОКУУЧУЛАРДЫ КЕСИПКЕ БАГЫТТОО ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 28.03.2024
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУда «Келечекти кесипке багыттоо: мектеп окуучуларын эрте кесипке багыттоодо геймификация» аттуу тегерек стол өтүп, кесипке багыт берүүнүн геймификациясы, мектеп окуучулары үчүн инновациялык онлайн платформаны түзүү талкууланды.

ОКУУЧУЛАРДЫ КЕСИПКЕ БАГЫТТОО ТАЛКУУЛАНДЫ

Талкуунун негизги темасы – келечекте мектеп окуучуларын кесиптик багыттоого инновациялык ыкмаларды издөө. Азыркы мезгилде балдарга өзүн-өзү аныктоонун жана ар кандай кесиптик чөйрөлөрдө өзүн издөөнүн инновациялык ыкмалары талап кылынат. “Футурика” балдар онлайн-долбоорунун директору Асылбек Айтматовдун пикири боюнча, мектеп окуучуларын натыйжалуу кесипке багыттоо мектептердин, университеттердин жана бизнес-коомчулуктун күч-аракетин бирдиктүү системага бириктирүүнү талап кылат. Мындай жол менен гана балдар кичинекей кезинде өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин түшүнүп, кызыкчылыктарын жана келечектеги окуу, мансап багыттарын аныктай алат.

Жолугушуунун жыйынтыгында, эмгек рыногундагы заманбап тенденцияларды чагылдырган өспүрүмдөр үчүн инновациялык жана жагымдуу долбоорду түзүү максатында Кыргызстандын алдыңкы мектептеринен, университеттеринен жана компанияларынан эксперттик блок түзүлдү.

ОКУУЧУЛАРДЫ КЕСИПКЕ БАГЫТТОО ТАЛКУУЛАНДЫ

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окуу иштери боюнча проректору, Талантбек Курманбек уулунун айтымында, келечектеги кесиптерди жайылтуу жана мектеп окуучуларынын кесиптик траекториясын моделдөөдө заманбап ыкмаларды колдонуу, кесипке багыт берүү ишинин өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда. Бул келечектеги иш берүүчүлөр жана изденүүчүлөр үчүн гана эмес, жалпы өлкө экономикасы үчүн да маанилүү.

«Футурика» онлайн оюн платформасынын негизги артыкчылыгы – анын жеткиликтүүлүгү. Кыргызстандын каалаган аймагындагы мектеп окуучулары «Футурика» оюн ааламына сүңгүп кире алат. Уникалдуу оюн чечими студенттерге, компьютер оюндарынын жана түркүн түстүү комикстердин кызыктуу жана түшүнүктүү түзүлүшү аркылуу, келечектеги кесиптердин дүйнөсүнө чөмүлүүгө жардам берет. «Футурика» профессионалдык модулдарды камтыйт, алардын ар бири биомедицина жана биотехнология, искусство, космос индустриясы, киберспорт, телекоммуникация жана башка көптөгөн нерселерди камтыйт.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер