ОКУУЧУЛАР ТЕСТИРЛӨӨГӨ ДАЯРДЫК КӨРӨ БАШТАШТЫ

  • 08.01.2018
  • 0

Кара-Көл шаарынын окуучулары быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө кызуу даярданып жатат. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева билдирди.

ОКУУЧУЛАР ТЕСТИРЛӨӨГӨ ДАЯРДЫК КӨРӨ БАШТАШТЫ

 

 

Анын айтымында, 18 окуучу Жалал-Абад шаарындагы жана 10 окуучу Бишкектеги окутуу борборлорунда тестирлөөгө даярданууда. Ошондой эле, 18 окуучу өз алдынча мугалимдер менен даярданып жатат.

  • Окуучулар кышкы эс алуу учурунда билим деңгээлин көтөрүү максатында окуу борборлоруна жөнөп кетишти. Алардын жол кире акысы, жатаканасы төлөнүп берилет. Ушул чыгымдарды эске алып, окутуу борборлорун шаардык билим берүү бөлүмүнүн базасына акы төлөөнүүчү кылып ачууну пландап жатабыз. Бул боюнча шаардын мэри менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Анткени башка шаарларга барып келүүгө көп каражат жумшалып жатат. Эгер өзүбүздө окуу борборлору ачылса, ата-энелер аз чыгым сарпташмак. Ошондой эле, шаардагы билим сапаты да көтөрүлөт, — деди ал.

Алымкан Мырзалиева белгилегендей, окуучунун жакшы окуусуна 40% ата-эненин жана 60% мугалимдин аракети талап кылынат.

  • Лейлектеги мектеп-гимназиянын окуучулары жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 1-орунду ээлеп, мыкты жетишкендиктерди көрсөтүп жатышат. Бир класста 25 окуучу окуса алардын бардыгы тестирлөөдө жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Жетекчилик гимназияга окуучуну кабыл алаардан мурун ата-энесин тестирлөөдөн өткөрүп, жыйынтыгы жакшы болсо гана алат экен. Ошондой эле, энелер мектебин ачып, окутуп келишет. Мен алардын ийгилигинин сыры ошондо деп ойлойм. Жакында аталган мектеп-гимназиянын директорун чакырып, жүрүм-турумунда көйгөй бар болгон, начар окуган окуучуларга жана алардын ата-энелерине семинар өтөлү деп жатабыз, — дейт башчы.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер