ОКУУЧУЛАР ТАМАКТЫ ЭМИ ОТУРУП ИЧИШЕТ

  • 11.12.2018
  • 0

Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутаттар 1-класстан 4- класска чейинки окуучулар столдун жоктугуна байланыштуу ысык тамакты туруп ичип жатканын айтышты.

ОКУУЧУЛАР ТАМАКТЫ ЭМИ ОТУРУП ИЧИШЕТ

Маалыматка караганда, эми аларга жаңы жылдык белек катары олтургуч жасап берүүгө жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом депутаттар бөлүштү.

Ошондой эле билим берүү бөлүмүнүн башчысы тарабынан мектептерде балдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу 48 өрт өчүрүүчү шаймандардын жетишсиздиги маалымдалды.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер