ОКУУЧУЛАР ШАНДОР ПЕТЕФИНИН ЫРЛАРЫН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ОКУЙ АЛЫШАТ

  • 27.03.2023
  • 0

Бүгүн, 27-мартта билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков венгер акынынын туулган күнүнүн 200 жылдыгына арналган Шандор Петефинин кыргыз тилиндеги “Эркиндик жана сүйүү” китебинин бет ачарына катышты.

ОКУУЧУЛАР ШАНДОР ПЕТЕФИНИН ЫРЛАРЫН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ОКУЙ АЛЫШАТ

Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги мектептердин китепканаларына берүү үчүн 100 нускадагы китепти билим берүү жана илим министрлигине тапшырды.

Биздин өлкөлөр билим берүү тармагында стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө, анын ичинде Венгриянын ЖОЖдорунда окуу үчүн стипендияларды бөлүп берүү,  2017-жылдан бери Венгрияга 488 студент жөнөтүлгөн; Кыргыз-Венгрия ректорлорунун I конференциясы өткөрүлдү, кыргыз-венгер университеттеринин консорциуму түзүлдү, тараптар кыргыз жана венгер маданияты боюнча материалдарды эки өлкөнүн университеттерине тапшырышты, Ош мамлекеттик университетинде жана Кыргыз Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетинде венгр тилинен сабак берилет.

Кошумчалай кетсек, Шандор Петефи (1823-1849) Венгриянын улуттук акыны, 1848-1949 – жылдардагы революциянын лидерлеринин бири.

Бөлүшүү

Комментарийлер