ОКУУЧУЛАР ООГАН ЖООКЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 18.02.2021
  • 0

Кемин районундагы Б.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин мектебинде Ооганстан согушуна 32 жыл толгондугуна карата «Эч убакта унутпайбыз!» деген аталыштагы иш-чара өттү.

ОКУУЧУЛАР ООГАН ЖООКЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

«Иш-чаранын максаты – балдарга Ооган согушунун келип чыгышы, СССР жоокерлеринин эрдиктерин муундан муунга унуттурбай даңазалоо менен бирге, курман болгондордун жаркын элесине таазим этип, эстеп жүрүү» — дейт, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Асель Амантур кызы.

ОКУУЧУЛАР ООГАН ЖООКЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Мектептеги жолугушууга Ооган согушуна катышкан жердештери Малик Зарипов, Нурбек Досов, Таалайбек Калпаев, Акылбек Калмурсаевдер келишип, окуучуларга кан кечкен майданда башынан өткөргөн окуялардан айтып беришти. Мекенчил жаштарды тарбиялоодо таасири зор жолугушууну мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Бактыгүл Усубалиева мектептин «Манас жаштары» уюмунун мүчөлөрүнүн жардамы менен уюштурган.

ОКУУЧУЛАР ООГАН ЖООКЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУКелген меймандар окуучу балдардын күчү менен даярдалган концерттик программага күбө болушуп, «Эр жигит эл четинде жоо бетинде» аттуу спорттук таймаштарды көрүштү.

ОКУУЧУЛАР ООГАН ЖООКЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Айнагүл Кашыбаева,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер