ОКУУЧУЛАР КОШУМЧА КЕСИПКЕ ЭЭ БОЛУШАТ

  • 01.03.2023
  • 0

Кыздар тигүүчү, балдар автомашина оңдоочу адис болгусу келет.

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн адистери 10-11-класстардын окуучуларынын арасында анкета жүргүзүп, кыздар арасында тигүүчүлүк, эркек балдар арасында автомашиналарды оңдоо адистиги актуалдуу экендигин аныкташкан.

ОКУУЧУЛАР КОШУМЧА КЕСИПКЕ ЭЭ БОЛУШАТ

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Алмакуновдун маалыматы боюнча 10-11-класстарда 2178 окуучу билим алууда. Анын ичинен кыздар -1393, ал эми кошумча билимге тартылганы – 230 окуучу, бул жалпы балдардын 17% түзөт.

— Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 17-беренесинде белгиленген жана Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021–2030-жылдарга карата өнүктүрүү концепциясынын кошумча билим берүү бөлүмүн ише ашыруу максатында, 2022-2023-окуу жылында 10-11-класстын окуучуларына кошумча билим берүү иштери жигердүү уюштурулууда. 10-11-класстын окуучулары окуусун аяктагандан кийин жөн гана жалпы орто билимге, аттестатка ээ болбостон, кошумча бир кесиптин ээси болуп, колуна кошумча сертификат алып чыгышы учурдун талабы болууда. Ошол себептен окуучулардын арасында анкета жүргүзгөнүбүздө, кыздар арасында тигүүчүлүк адистигине, балдар арасында автомашиналарды оңдоо адистигине кызыккан окуучулар көп экендиги белгилүү болгон. Алардын максаттарын ишке ашырууга карата жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте мектептерде атайын курстарды ачуу пландаштырылган, — дейт.

Билим берүү адистеринин бул демилгесин Токмок шаарынын мэриясы колдоп, 1 млн сом бөлүп берген, ага 23 тигүү машинасы сатылып алынган. Ага удаа эле Чүй районунун мамлекеттик администрациясы бөлүп берген 600 миң сомго дагы 12 тигүү машинасы алынган.

Азыркы күндө Чүй районунун балдардын, өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунда, Токмок шаарында №11 мектеп-лицейинде, №9 орто мектептеринде тигүү машиналары орноштурулуп, иштей баштады.

2023-жылдын май айына чейин Токмок шаарынын №11 мектеп-лицейи 120 окуучуну, №9 орто мектеби 50 окуучуну тигүүчүлүк адистигине даярдап чыгарууну пландаштырууда. Учурда Чүй районунун балдардын, өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунда 60 окуучу кошумча билим алып жатат.

Белгилей кетсек, келерки окуу жылында Токмок шаарында дагы үч мектепте, Чүй районундагы эки мектепте кошумча билим берүү курстарын ачуу каралууда. Ошондой эле жакынкы арада Токмок шаарынын №11 мектеп-лицейинде балдар үчүн автодиагностика курсу ишке киргизилмекчи.

 

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер