ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА ӨТКӨН “ЖЕҢИШ ЫРЫН ЫРДАЙБЫЗ” АТТУУ ОНЛАЙН ФЕСТИВАЛДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 01.06.2020
  • 0

Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Аталардын эрдиктерин даңктайбыз” аттуу онлайн фестивалга мектеп окуучуларынан 12 миң видео келип түштү. Анын 8 818и көркөм окуу багытында, 3 181и обондуу ырлар категориясына жолдонгон.

 Калыстар тобунун чечими менен 1590 баланын обондуу ырлары сынактын талаптарына жооп берет деп кароого алынды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр катышуучулардын жаш курагына жараша 3 категорияда аныкталды. 90 окуучу лауреат, 386сы дипломант деп табылды.

Ал эми көркөм окуу жаатында 4283 баланын эмегеги сынактын талаптарына жооп берет деп кароого алынды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр катышуучулардын жаш курагына жараша 4 категорияда аныкталды. 90 окуучу лауреат, 386сы дипломант деп табылды.  Сынактын жыйынтыгы боюнча “Көркөм окуу” сынагында 178 катышуучу I, II, III даражадагы дипломдорго жана «Лауреат» наамына ээ болушту. Ал эми 2566 катышуучу “Дипломант” наамына ээ болушту.

Сынакта байгелүү орундарды алгандар смартфон, китеп сатып алуу үчүн 2000 сомдук сертификат жана блютуз наушниктер менен сыйланат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер