ОКУУЧУЛАР АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ САЛЫМ КОШОТ

  • 04.02.2020
  • 0

Өткөн жумада Аксы районундагы “Билимкана-Кербендин” базасында өткөн иш-чара элеттиктерди түйшүккө салып жаткан маселелерди четтетүүгө арналды. Ал маселелерди Аксы районундагы мектеп окуучулары мугалимдери менен биргеликте ыктыярчы топ түзүшүп, 20-75 жашка чейинки жарандардан сурамжылоолор жүргүзүүнүн негизинде аныктап чыгышкан.

Аксы районундагы мектеп окуучулары ЮНИСЕФтин, “Чексиз достук” долбоорунун алкагында  «Юз оф Ош» коомдук бирикмеси менен биргеликте “Билимкана-Кербендин» базасында аймактагы көйгөйлөрдү аныктоо боюнча питчинг өткөрүштү. Окуучулардан түзүлгөн “Smart youth”, “Brein time”, “БЭМС”, “Smart time”, “Келечек жаштары”, “Өнүгүү” , “Юз оф Жаңы айыл”, “Ынтымак”, “Табият эркелери”, ”Тан нуру” топтору инновация, реалдуулук, тынчтык-достук, туруктуулукту камсыздоо боюнча долбоорлорду жакташса, “БЭМС” тобу – ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кошумча билим алуу ийримдерин уюштуруу, “Smart youth” тобу — мамлекеттер арасында ынтымак, түшүнүүчүлүктүн жоктугу, “Smart time”, “Өнүгүү” —   айылдардагы ар кандай таштандылардын көптүгү, “Brein time”, “Юз оф Жаны айыл” —  талааларда чачылган кой жүндөрүнүн экологияны бузуусу, “Келечек жаштары” — Аксынын кара өрүгүнүн арзан баада сатылуусу, “Ынтымак” — жолдордун начар абалы, таштандылардын көптүгү, “Табият эркелери” айылдагы социалдык обьекттердин аздыгы, эс алуу багынын жоктугу, ”Тан нуру” алмалардын арзан баада сатылуусу ж.б. көйгөйлөрдү көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышкан. Аталган көйгөйлөрдү кантип жоюу чараларын пландап, чыгымдарды эсептеген соң алар жасаган план, макеттеринин көргөзмөлөрүн  көрсөтүштү.

Окуучулар “Тазалык — айылыбызга, айылыбыз — бизге”, “Бакубат бала — бакубат үй-бүлө” деген актуалдуу темаларды көтөрүшүп, жумушсуздукту кыскартуу ураанын максатташкан. Жаратылышты коргоо, анын материалдарын турмушта үнөмдүү пайдалануу, мөмө-жемиштердин ден соолукка пайдасын даңазалоо аркылуу таза азыктануу маселелери козголду. Мөмө-жемиштерди, дары чөптөрдү, малдан алынуучу продукцияны элден демөөрчүлөр чыгып жатканы да жагымдуу мамиле. Чакан ишкана үчүн айрым жарандарыбыз бөлмөлөрдү берүү сунуштары да кубандырды.

Райондук мамлекеттик администрациядан, мэриядан, мекеме ишканалардан калыстар тобу суроолорду беришип, кызуу талкуу менен эмгектерди баалашты.

— Окуучуларыбыздын ар бир тапшырманы ушунчалык дыкаттык менен көңүл коюп, чыгармачылык менен, маданияттуу активдүүлүгүн көрсөтүп, даана-так сүрөттөп беришкендерин көрүп, аябай кубандым. Балдардын мыкты идеялары, чыгармачылык дараметтери, айылы үчүн күйүп-бышкан аракеттерине мотивация берген мугалимдердин да салымдары зор экени байкалды. Келечек ушундай жаштардын колунда болсо, өлкөбүз тез эле өнүгөөрүнө ынандым,-дейт Аксы РБББнын адиси Уулжан Жанузакова кубануу менен.

БУУнун ЮНИСЕФ Балдар фонду каржылаган «YOUTH of OSH» коомдук бирикмесинин иш-аракеттери Кыргызстан менен Өзбекстан жаштарынын кызматташтыгын бекемдөөгө багытталып, аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу, жумушчу орун түзүү, экономиканы көтөрүү жана маданияттуулукка тарбиялоо, эмгекке кызыктыруу боюнча чакан бизнес долбоор жазууга үйрөтүү болуп саналат. Ал балдарды ар кандай зордук-зомбулуктан, эрте турмуш куруудан, эксплуатациялоодон, сатылуудан кантип алыс болуу укуктары менен да мыйзамдуу камсыз кылуу менен, билимин арттырат. Бул демилге 1996-жылы Стамбул шаарында кабыл алынып, учурда дүйнө жүзүнүн 900 шаарында ишке ашырылууда.

Долбоорлордун арасында Достук багы, достук фестивалдар жана концерттер, спорттук мелдештер жана лидерликке, чечендикке, турмушка тарбиялоо да бар.

«YOUTH of OSH» коомдук бирикмеси Кыргызстанда 10 жылдан бери активдүү иштеп келаткан прогрессивдүү жаштар уюму. Бирикме жаш ыктыярчылардын идеологиясын, коомго жаңычылдык ыкмалар менен кызмат кылган креативдүү жаштарды колдойт жана өлкөнү өнүктүрүүгө чыйыр салат.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер