ОКУУ КИТЕПТЕРИН ЖАҢЫРТУУГА САЛЫМ КОШКУҢУЗ КЕЛЕБИ?
- 10.10.2025
- 0
Агартуу министрлиги авторлор жана иштеп чыгуучулар үчүн конкурс жарыялады.
Агартуу министрлиги “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте кыргыз тили, тарых жана география сабактары боюнча жаңы окуу китептерин түзүү максатында ачык конкурс жарыялады.
Сынактын негизги максаты — мектеп окуу китептерин жаңыртуу жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында заманбап, сапаттуу окуу материалдарын даярдоо.

Конкурска кимдер катыша алат?
Жалпы билим берүүчү мектептердин, жогорку окуу жайларынын жана колледждердин окутуучулары;
Педагогика, филология, тарых жана география тармактарындагы адистер, методисттер, изилдөөчүлөр;
Окуу китептерин жана методикалык материалдарды түзүүдө тажрыйбасы бар авторлор;
Жаңычыл ойлонгон, заманбап окутуу ыкмаларын колдоно билген жаш педагогдор.
Катышуучулар төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
Паспорттун көчүрмөсү (маалыматтар жана сүрөт бир бетте);
Резюме (CV), билим деңгээли жана тажрыйбасы көрсөтүлгөн;
Дипломдордун жана сертификаттардын көчүрмөлөрү;
Мурда даярдаган окуу-усулдук материалдар (эгер болсо);
Долбоор жана окуу китептерин иштеп чыгуу боюнча жеке көз карашын билдирген 5 мүнөттүк кыска видео.
Сынактын мөөнөтү:
Конкурс эки этапта — сырттан жана түз тандоо жолу менен 2025-жылдын 10-октябрынан 30-ноябрына чейин өткөрүлөт.
Арыз тапшыруунун жолдору:
Катышуу үчүн Google Формасы аркылуу онлайн катталса болот:
👉 https://forms.gle/Geeg4rrcpAevGfxSA
Ошондой эле арызды Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257 дарегиндеги имараттын 202-каанасына тапшырууга да мүмкүн.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору:
Кыргыз тили (эне тил жана экинчи тил): +996 556 10 11 48
Тарых: +996 553 10 11 50
География: +996 554 10 11 52
(БК)
Комментарийлер