ОКУУ КИТЕПТЕРИ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ

  • 26.11.2021
  • 0

18-ноябрда Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасында 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” алкагында башталгыч кесиптик лицейлери үчүн чыгарылган 81 китептин бет ачарына арналган тегерек стол болуп өттү.

ОКУУ КИТЕПТЕРИ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ

Учурда республика боюнча 99 кесиптик-техникалык окуу жайы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, миңдеген окуучуларга ар тармактуу кесиптик билим берип келет. Алардын дээрлик сексен пайызы кыргыз тилинде иш алып барат. Бирок сапаттуу билим берүүдөгү көйгөй жаратып келе жаткан маселе – бул кыргыз тилиндеги адабияттардын жоктугу. Мына ушул багытта “Кыргыз Республикасындагы 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” алкагында Республикалык илимий методикалык борбору тарабынан бир катар алгылыктуу иштер аткарылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде башталгыч кесиптик билим берүү тармагына жалпы 22 багыт боюнча 97 аталыштагы китеп чыгаруу максаты коюлуп, ага 9 700 000 сом каралган. Бүгүнкү күндө бул каражаттын 8 100 000 сому сарпталып, 81 аталыштагы китеп чыгарылды. Бул китептер төмөнкү тармактарды камтыды:

— айыл чарбасы жана кайра иштетүү;

— транспорт;

— жеңил өнөр жайы;

— электр-техникалык өндүрүш;

—  радиоаппаратуралар жана зым байланыш аппараттары өндүрүшү;

—  кен казуу өнөр жайы;

—  курулуш, жыгач иштетүү өндүрүшү, металл иштетүү;

—  коомдук тамактануу, тамак-аш азыктарын өндүрүү;

— туризм жана тейлөө чөйрөсү.

Аталган тармактар боюнча автор-түзүүчүлөрдүн (Д.С.Токтакунов,М.И.Баширова, Ж.У.Чолпонбаева,
Н.А.Карабаев (КУАУ), Н.Шырдаков, М.Толобаев
(Автомобиль-жол колледжи), Э.М.Усупова,
И.А.Исманова ж.б.) жараткан эмгектери кыргыз тилине которулуп, башталгыч кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын китепканаларын толуктады. Аны менен бирге, АБР, ГИЦ, БДАТП, Хельветас, “АВЭП” коомдук фонду, ЦОТ жана Эл аралык миграция уюму сыяктуу эл аралык долбоорлордун көмөгү менен мамлекеттик тилде эмгек рыногунун талаптарына жооп берген окуу куралдарын чыгаруу иштери колго алынган.

Алдыда башталгыч кесиптик билим берүү системасы үчүн зарыл окуу куралдарын кыргыз тилинде чыгаруу пландалууда. Иш-чарада ушул аткарылган иштерге баа берилип, жакынкы келечекте жасала турган иштерди жакшыртуу боюнча алгылыктуу сунуш-пикирлер айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы С.Мусаев мамлекеттик тил боюнча бир катар олуттуу көйгөйлөргө токтолуу менен кыйынчылыктарга карабай, 81 аталыштагы китепти чыгарып, жаш муундун кыргыз тилинде билим алуусуна өбөлгө түзгөн авторлорго, республикалык илимий-методикалык борбордун кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Алдыда авторлордун бардык кол жазмаларын чыгарууга ар тараптан колдоо көргөзүү убадасын берди.

Ошону менен катар авторлор, китептерди чыгарган басмаканалардын өкүлдөрү менен бүгүнкү күндөгү мамлекеттик тилдин орду, мааниси жана баалуулугу, популярдуу адабияттарды басып чыгаруу жана лингивистикалык-педагогикалык экспертизадан өткөрүү, кесиптик билим берүүдөгү сапатты жогорулатуу үчүн мамлекеттик тилдеги окуу адабияттарынын орду, китептерди басмага даярдоо, басып чыгаруу, аларды тираждоо учурунда келип чыккан маселелер, көйгөйлөр тууралуу пикир алышуу болду.

Жыйынтыгында кесиптик лицейлерди кыргыз тилиндеги окуу китептери менен камсыз кылууга кошкон салымы үчүн Республикалык илимий-методикалык борбордун айрым кызматкерлерине, бир катар автор-түзүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Эгемберди УСУПОВ, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер