ОКУУ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫЛАРЫ ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ СЕМИНАР
- 25.02.2020
- 0
24-февралда Алай районундагы Сары-Могол, Талды-Суу айыл аймактарындагы мектептердин аракети менен ушул аймакта жайгашкан №58 Харыбек Алымсеитов орто мектебинде «Сабакта инновациялык ыкмаларды колдонуу» аттуу райондук семинар болуп өттү.
«Кутбилим Сабактын» активдүү автору, райондогу С.Карыев атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Сыдык Мамыровдун бизге берген маалыматына караганда семинарга райондогу бардык мектептердин окуу бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.
Семинарда Х. Алымсеитов атындагы орто мектебинин математика мугалими Х. Мамбеткулова 11-класска «Конустар көлөмү», М.Сартбаева 3-класска «Апалардын майрамы», С.Умарходжаева атындагы орто мектебинин мугалими Г.Калыева «Брейн ринг» интеллектуалдык оюнун, Арча-Булак негизги мектебинен Чотуева Батма 2-класска «Көбөйтүүнүн амалы» деген темадагы ачык сабактарды өтүшсө, Х. Алымсеитов атындагы орто мектебинин мугалими Курмушуев Аттокур PLICKERS жана KAHOOT программаларын колдонуу боюнча санарип сабак көрсөттү.
Семинардын жүрүшүндө окуу бөлүмдөрүнүн башчылары Ооганстандын Улуу Памиринен көчүп келишкен жаштардын окуусунан кабар алышты жана аларга акчалай жардамын беришти.
Семинарды райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу С.Абдрахманова жана секция жетекчиси У.Касымов жыйынтыкташып, бул күнү өзгөчөлөнгөн мугалимдерге грамоталарды тапшырышты.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер