ОКУТУУНУН САПАТЫ ЖАНА МУГАЛИМДЕРДИ КОЛДОО ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 29.05.2026
  • 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Эгенбердиева билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугуп, бүгүнкү күндүн эң орчундуу маселелерин жана мектептердин реалдуу муктаждыктарын талкуулады.

Пикир алышууга Бишкек шаарынын Биринчи май райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Мирбек Асанов жана борбордогу мектептердин директорлору катышты. Жыйында негизги басым окуучулардын билим сапатын көтөрүүгө, балдар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана мугалимдердин көйгөйлөрүн чечүүгө жасалды.

Эл өкүлү агартуучулардын коомдогу орду баалуу экенин белгилеп, буларга токтолду:

«Жаштарыбыздын сапаттуу билим алышы – сиздердин талыкпаган эмгегиңиздерге жана кесипкөйлүгүңүздөргө түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан дайыма изденүүдө болуп, окуучулар жана ата-энелер менен тыгыз байланышта иштешиңиздер керек. Ал эми мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо муну менен эле токтоп калбайт, алдыда дагы уланат».

Жолугушуунун соңунда депутат өсүп келе жаткан муунду интеллектуалдык жана руханий жактан тарбиялоого кошкон өзгөчө салымы үчүн бир катар мугалимдерге Жогорку Кеңештин Төрагасынын атынан Ыраазычылык каттарды салтанаттуу түрдө тапшырды.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер