ОКУТУУЧУЛАРДЫН ЭЛЕТТИК МУГАЛИМДЕРГЕ КӨМӨГҮ

  • 03.04.2023
  • 0

24-25-мартта  Кыргызстан эл аралык университетиндеги Филология бөлүмүнүн мугалимдер жамааты АКШдан келген англис тилин окутуу методикасы  боюнча кесипкөй адис Венди Финлейсондун катышуусунда  Токтогул районундагы 42 мектептин  50дөн ашык мугалимдерине семинар өтүштү.

ОКУТУУЧУЛАРДЫН ЭЛЕТТИК МУГАЛИМДЕРГЕ КӨМӨГҮ

Аталган окуу жайдын профессору, филология илимдеринин доктору Зина Караеванын бизге берген маалыматына таянсак, англис тили мугалимдери үчүн пайдалуу бул семинарда түрдүү оюндар аркылуу кандайча сабак өтүш керек экендиги айтылып, оюндун жеңүүчүлөрүнө  кызыктыруучу белектер тапшырылды. Чет элдик ыктыярчы В. Финлейсон жана Кыргызстан эл аралык университетинин окутуучулары англис тилин окутууда кандай жаңы технологияны колдонуу мүмкүн экендигин көрсөтүшүп, сабакта түрдүү коммуникативдик ыкмаларды колдонуу жолдорун,  Jeorpardy, Jamboard, Lifesheet деген программалардын кандайча иштешин айтып беришти. Андан сырткары, борбордон келген окутуучулар Жоомарт, Данканай мектептерине барып, америкалык ыктыярчы Венди Финлейсонго биздин сыймыгыбыз  Жоомарт Бөкөнбаевдин, Токтогул Сатылгановдун, улуу акын Коргоол атабыздын музейлерин көрсөтүп, андагы маалыматтар менен тааныштырды. Өзгөчө Коргоол атабыздын музейиндеги жолугушууда анын небереси Турсункан Ондошева  акындын өмүрүндөгү кызыктуу окуяларды айтып бергендиги  меймандарга өтө күчтүү таасир калтырды. Мугалимдерге Эл аралык университеттин атынан  окутууга  керектүү болгон көптөгөн китептер жана  белектер берилди. Семинардын соңунда сертификаттар тапшырылып, бул окуу ишин уюштурууга жардам берген  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Сулпукарова Дамирага, Бөкөнбаев орто мектебинин чет тилдер бөлүмүнүн координатору Сатарова Ратбүгө борбордон келген коноктор  ыраазычылык билдиришип, жылуу сөздөрүн айтышты.

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер