ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН СЕМИНАР
- 03.02.2025
- 0
Кыргыз мамлекеттик университетинде “ЖОЖдордогу илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн маалыматтык камсыздоонун стратегиялык багыттары” аттуу семинар өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандагы IPChain ассоциациясынын директору Ырыскуль Турсуналиева “Заманбап билим берүү процессинде санариптик платформаларды колдонуу” жана аталган мекеменин директорунун кеңешчиси Джыпара Садыкова “Илим, адабият жана искусство чыгармалары автордук укуктун объектилери катары”, Кыргызстандын чыгармачыл өнөр жай ассоциациясынын байкоочу кеңешинин төрайымы Асел Умарова “Кыргызстандын жаратман экономикасы жөнүндө: Программалар жана долбоорлор” аталышындагы баяндамаларды жасады.
Ошондой эле катышуучулар билим берүү системасын жакшыртуу жана анын келечегине болгон жаңы көз-караштар боюнча пикир алышып, демилгелерди ишке ашыруу боюнча маселелер талкуулашты.
Комментарийлер