ОКУТУУЧУЛАР БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИН ЗАМАНБАП ДАЯРДООНУ ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 13.03.2023
  • 0
10-мартта Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы педагогикалык жогорку окуу жайлардын жана колледждердин кызматкерлери, аспиранттары жана студенттери, башталгыч билим берүүнүн педагогикасынын изилдөөчүлөрү, башталгыч класстардын мугалимдери үчүн «Билим берүү тармагындагы жаңылануулар шартында болочок башталгыч класс мугалимдерин кесипке даярдоо» темасында илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
ОКУТУУЧУЛАР БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИН ЗАМАНБАП ДАЯРДООНУ ТАЛКУУЛАШТЫ
Конференциянын максаты — жаңы билим берүү стандарттарын эске алуу менен башталгыч класстардын мугалимдерин кесипке даярдоо программаларын жакшыртуу, башталгыч класстарда окутуунун методикасын өркүндөтүү боюнча ЖОЖдордун жана колледждердин потенциалын өнүктүрүү жана алдыңкы тажрыйба алмашуу.
Конференция Билим берүү жана илим министрлиги менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында уюштурулду.
Жакын арада Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын педагогикалык жогорку окуу жайлары жана колледждери үчүн ушундай конференцияны өткөрүү пландаштырылууда.
Бөлүшүү

Комментарийлер