ОКУМУШТУУЛАР КӨЧМӨН САЛТЫНА ЫЛАЙЫК ТҮНДҮК КӨТӨРҮШТҮ

  • 03.09.2026
  • 0

3-сентябрда  «Көчмөн цивилизациялары: мурас, парадигмалар жана перспективалар» аттуу эл аралык илимий конференциянын алкагында өзгөчө салтанат — түндүк көтөрүү аземи болуп өттү.

ОКУМУШТУУЛАР КӨЧМӨН САЛТЫНА ЫЛАЙЫК ТҮНДҮК КӨТӨРҮШТҮ

Аземге дүйнөнүн 28 мамлекетинен келген окумуштуулар катышты. Көчмөндүн боз үйүнүн түндүгүн көтөрүү — кыргыз элинде үй-бүлөгө кут, ынтымак жана береке каалоону, жаңы конуштун, жаңы жолдун башталышын билдирген байыркы салт.

Бул ирет түндүктүн көтөрүлүшү илимий жыйынга катышкан окумуштуулардын биримдигин, көчмөн цивилизациясынын жалпы адамзаттык мурас экенин жана аны биргелешип изилдөөнүн маанисин символдоштурду.

Салт менен илим айкалышкан бул жөрөлгө конференциянын мазмунуна өзгөчө маани берип, чет өлкөлүк окумуштууларга кыргыз элинин руханий мурасын жакындан таанытууга шарт түздү.

Атайын кабарчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер