ОГПИнин РЕКТОРУНУН БИЛИМ КУБОГУ ӨТТҮ

  • 16.04.2021
  • 0

15-апрелде ОГПИде “Ректордун билим кубогу — 2021”  интеллектуалдык оюну өттү.

Иш-чара институттун башкы корпусунда уюштурулуп, ага ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат жана окутуучулар, студенттер күбө болушту. Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Изат Берхмаматов калыс катары катышты.

Таймашты алгач окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев ачып, өз сөзүндө билимдүүлөр гана дүйнөнү башкарып, ийгилик тепкичтеринде баса аларын белгилеп, оюнчуларга ийгилик каалоо менен, институттун билимдүү жаштарына ар дайым колдоо көрсөтөөрүн айтып өттү.

Оюнга окуу жайдын ар бир факультетинен жети студент катышып, өз билимдерин сынашты. Алар үч тур менен жарышып, алгач тандап алуу турунда жалпы катышуучуларга 20 суроо берилип, ар биринен кагаз жүзүндө жооптор кабыл алынды. Алган упайларга карап, 2-турга төрт катышуучу өтүп, алар категорияларды тандоо менен суроолорго жооп беришти. Соңку финалдык баскычта эң көп упай топтогон эки катышуучу ат салышты. Финалисттер сыр  сандыкта катылган жети суроонун үстүндө ой жүгүртүү менен жооп беришти. Жыйынтыгында математика жана компьютердик-технологиялар факультетинин студенти Айгерим Өсөрбек кызы жеңүүчү аталып, кубоктун ээси болду. Ал эми 2-орунду Кыргыз-Россия факультетинин студенти финалист Бегимай Исакова ээледи. 3-орунда гуманитардык факультеттин студенти Мираида Чолпонкулова болду.

Аталган таймаш окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев тарабынан демилгеленип, «СТУД.kg» гезитинин редактору Бектурали Исамидин уулу жана Жаштар комитети менен биргеликте биринчи ирет уюштурулду. Алдыда бул таймаш дагы уланып, жыл сайын РЕКТОРДУН КУБОГУНА татыктуулар ат салышмакчы.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер