ОГПИнин ОКУТУУЧУЛАРЫ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮККӨ ЭЭ БОЛДУ

  • 07.02.2023
  • 0

ОГПИнин ОКУТУУЧУЛАРЫ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮККӨ ЭЭ БОЛДУ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетине 75 дюймдук заманбап үлгүдөгү 40 даана интерактивдүү панель алынып келинди.

Интерактивдүү панель билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окутуучулар жана студенттер үчүн дүйнөлүк стандартка ылайык ыңгайлуу шарт жаратуу максатында окуу жайдын эсебинен тендер жарыялоо менен сатылып алынды.

ОГПИнин ОКУТУУЧУЛАРЫ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮККӨ ЭЭ БОЛДУ

Аталган каражаттар окуу жайдын бардык факультеттерине бөлүнүп,  тийиштүү окуу канааларга жана конференциялык залдарга жайгаштырылды. Учурда окутуучулар жана студенттер жаңы техниканы колдонуу менен сабактарын өтүп башташты.

Интерактивдүү панель – бул толук кандуу жеке компьютерди жана жогорку сапаттагы сенсордук дисплейди бириктирген түзүлүш. Интерактивдүү панелдер ар тараптуу болгондугуна байланыштуу колдонуунун кеңири мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мисалы презентацияларды, видеоконференцияларды, телемедициналарды, экспонаттарды, документтер жана долбоорлор боюнча биргелешкен иштерди жүргүзөт. Мульти-сенсордук дисплейлердин аркасында интерактивдүү панелди бир эле учурда бир нече адам колдоно алат. Мындан тышкары, ал клавиатура, чычкан же графикалык планшет болобу, каалаган киргизүү түзүлүштөрүн колдонууга уруксат берилет.

Бир караганда, бул аппараттар керектөөчү сыналгыларга окшош, бирок алар бир топ чоңураак экран өлчөмү менен айырмаланат. Интерактивдүү панелдердин бул түрү эң кеңири колдонулат. Аппарат All-in-one принцибине ылайык уюштурулган — бардык компоненттер бир корпуста жайгашкан. Иштетүү системасы Windows 10 же Androidдин иштөө версиясы.

Мында баардыгы бир дизайнда, ак доска, Wi-Fi 5G, компьютер, стерео, үн пикап, динамик, видео запись, проектор функциялары жана профессионалдык доска программасы жайгашкан.

Ч.К., «КБ»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер