ОГПИДЕ СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 22.10.2018
  • 0

19-октябрда Социалдык коргоо жана кесиптик кошуундардын кесиптик майрамына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Аталган саамалык окуу жайдын гуманитардык факультетинин cоциалдык иштер кафедрасы тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүн факультеттин деканы Т.Абжалов ачып, жалпы кесип ээлерин жана катышуучуларды куттуктоо менен социалдык иш адистигинде окуган алдыңкы студенттерге институттун жана факультеттин Ардак грамоталарын тапшырды. Андан соң студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, анда ыр-бий, обондуу ырлар жана социалдык маселелерди чагылдырган таасирдүү сахналык көрүнүштөр аткарылды.

Эскерте кетсек, ОГПИде социалдык иш адистиги 2007-жылдан бери даярдалып келет.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер