ОГПИДЕ НУКУРА КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫНЫН СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 01.03.2018
  • 0

1-март күнү Ош гуманитардык – педагогикалык институтунун Колледж бөлүмүндө “Жибек чач” деген аталышта студент кыздар жана апалар  ортосунда кароо-сынак болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирди.

ОГПИДЕ НУКУРА КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫНЫН СЫНАГЫ ӨТТҮ

Иш чара 2018-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата Колледждин “Педагогика” кафедрасынын окутуучусу Курманбү Тургунбаева тарабынан уюштурулуп, башталгыч класстарды окутуу адистигинин студенттеринин катышуусунда өттү.

Сынакка конкурсанттар өздөрүнүн апалары менен биргеликте команда иретинде катышышып, “Саламдашуу”, “Өзгөчө өнөр”, “Камыр жаюу”, “Суроо-жооп”, жана “Апа менен кыздын байланышы” деген сыяктуу тапшырмаларды биргеликте өзгөчө чеберчилик менен аткарышып, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырышты.

Кеченин жүрүшүндө сынакка катышып жаткан апалар өзгөчө тапшырмаларды аткаруу менен уюштуруучуларга, эмгек жамаатка ыраазычылыктарын билдирип, өзгөчө кубаныч, толкундоо катышкандыктарын билдирип өтүштү.

ОГПИДЕ НУКУРА КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫНЫН СЫНАГЫ ӨТТҮ

Жыйынтыгы атайын түзүлгөн калыстар тобунун байкоосу менен чыгарылып, катышкан жана жеңүүчү студенттерге диплом жана белектер тапшырылды. Ошондой эле алардын апаларына уюштуруу тобу тарабынан “Мыкты апа”, “Мээримдүү апа”, “Боорукер апа” жана “Чыгармачыл апа” деген наминациялар ыйгарылып, окуу жайдын ыраазычылык каты менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер