ОГПИДЕ МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН КУРСТАР ӨТҮП ЖАТАТ

  • 18.01.2018
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу бөлүмү тарабынан, аймактардагы  мектепке чейинки билим берүүчү мекемеле-ишканалардын кызматкерлери, тарбиячылары  жана мектептердеги тарыхчы мугалимдер  үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча атайын курстар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирди.

ОГПИДЕ МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН КУРСТАР ӨТҮП ЖАТАТ

Семинар планга ылайык, 15-январдан  26-январга чейин уланып, катышуучуларга тиешелүү адистер тарабынан  кесиптерине жараша окутуунун, тарбиялоонун түрдүү усулдарын колдонуу ыкмалары жана психологиялык жактан билим берилүүдө. Жыйынтыгында уюштуруу тобу тарабынан квалификациялык атайын сертификат тапшырылат.

Аталган курска Ош шаарынан жана Чоң-Алай, Ала-Бука райондорунан мектепке чейинки мекемелердин тарбиячылары жана тарых адистиги боюнча  Лейлек, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондорунан бир топ мектеп мугалимдери катышып, аларга Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы КМУдан, Кыргыз билим берүү академиясынан келген жана Ош мамлекеттик университетинин, ОГПИнин тиешелүү адистиктер боюнча илимий даражалуу профессорлор, билим берүүнүн мыктылары сабак өтүшүүдө.

Институттун алдында түзүлгөн  мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу бөлүмү тарабынан мектептерде жана бала-бакчаларда  кесиптик чеберчиликти жогорулатуу жана заманбап сабактардын үлгүлөрүн жаңы технологиялардын жардамы менен өтүүнү өздөштүрүү жана жогорулатуу максатында усулдук жардам катары үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп, жер-жерлерде да семинарлар уюштурулуп келет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер