ОГПИДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ БИР АЙ  БЕЛГИЛЕНЕТ 

  • 24.09.2019
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институту 23-сентябрды «Эл дөөлөтү – эне тил» аттуу чоң майрамдык салтанат менен өткөрдү.

ОГПИДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ БИР АЙ  БЕЛГИЛЕНЕТ 

Майрамдык кече уюштуруу тобу тарабынан даярдалган маданий бөлүк менен ачылып, анда студенттер эне тилди даңазалаган, мекенчилдикке, эне тилин сактоого үндөгөн чыгармалардан көркөм окушуп,  обондуу ырлардан аткарышып, эне тилдин кылымдан бери келе жаткан касиеттүүлүгүн дагы бир ирет далилдешти. Мындан тышкары таланттуу студенттер тарабынан жаралган эне тилди даңазалоого багытталган автордук чыгармалар да элдин назарына тартууланды.

ОГПИДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ БИР АЙ  БЕЛГИЛЕНЕТ 

Учурда окуу жайда бир айлык жүрүүдө. Анда ар бир факультетте, бөлүмдөрдө  Мамлекеттик тил күнүнө карата массалык иш-чаралар, акциялар, көргөзмөлөр, тарбиялык ачык сааттар жана дубал гезиттердин сынактары уюштурулууда. Бир айлыктын жыйынтыгы чыгарылып, мыкты катышуучулар үчүн окуу жай тарабынан атайын сыйлыктар берилмекчи.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер