ОГПИДЕ КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕН
- 28.11.2018
- 0
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана мамлекттик тилдин күнүнө карата жарыяланган үч айлыктын алкагында студенттердин кыз-жигит сармерден оюну болуп өттү.
Иш-чара институттун гуманитардык факультети тарабынан уюштурулуп, таланттуу студенттердин катышуусунда жалпы көрүүчүлөргө жагымдуу кече тартууланды. Сармердендин жүрүшүндө саламдашуу, табышмак, жаңылмач, макал, акыйнек айтышуу, ырдоо, бийлөө сыяктуу улуттун каада-салтын камтыган, ошону менен бирге кыз-жигиттердин бири-бирине болгон тамашакөй мамилени чагылдырган программалар коюлду.
Бөлүшүү
Комментарийлер