ОГПИДЕ ЭМГЕК АКЫ 65% ЖОГОРУЛАДЫ
- 10.02.2020
- 0
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун профессордук-окутуучулук курамынын жана административдик чарба кызматкерлеринин эмгек акылары жогорулады. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев окутуучуларга мүмкүн болгон бардык шартты түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракеттер болуп жатканын айтат. Ректор өз сөзүндө “Институттун акча каражатын сарамжалдуу пайдалануунун, үнөмдөөнүн натыйжасында эмгек акыларды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Маянанын жогорулашы окуу процессиндеги түрдүү негативдүү көрүнүштөрдүн алдын алып, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга шарт жаралып жатат”, — деп баса белгиледи.
Белгилей кетсек, институттун илимий потенциялын жогорулатууга салым кошуп, кандидаттык илимий даражага ээ болгон илимпоздорго 80 000 сомдон, ал эми доктордук диссертация жактагандарга 125 000 сомдон бир жолудан акчалай сыйлык берилип келет. Ошондой эле окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен кызматкерлерге материалдык колдоо көрсөтүү максатында “Социалдык Пакет” долбоору ишке ашып, 2019-жылдан бери жардамга муктаж айрым окутуучуларга 50 000 сомдон акчалай каражат берилип келүүдө.
Комментарийлер