ОГПИДЕ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК ФОРУМ ӨТТҮ

  • 24.04.2019
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында “Билим берүү айдыңында талапка ээ болгон педагогикалык адистиктерди даярдоодогу актуалдуу көйгөйлөр: теориядан практикага” аттуу эл аралык илимий-практикалык форум болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

ОГПИДЕ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК ФОРУМ ӨТТҮ

Учурдун талабына ылайык компотенттүү кесип ээлерин даярдап чыгаруу маселесин жакшыртуу максатында ОГПИ алгылыктуу иштерди пландаган. Аталган иш-чара ушул пландын алкагында окуу жайдын музыкалык-педагогикалык факультети жана Эл аралык байланыштар департаменти  тарабынан уюштурулду. Ага Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын ЖОЖдорунун педагогдору, илим изилдөөчүлөр, окутуучулар катышышты.

Окуу жайдын ректору Б.Зулуев ачып, келген конокторго, жалпы катышуучуларга ыраазычылык билидирип, иш-чаранын жрүшүнө ийгилик каалады. Андан кийин Новгород мамлекеттик университетинин бөлүм башчысы Н. Басалаев жана Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын  Тъштък бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурунбетов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Пленардык жыйында бир катар илимпоз-окумуштуулар илимий баяндама жасашып, катышуучулар билим берүүдөгү көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору туурасында да бир нече ой-пикирлер, сунуштар айтылып, талкуу болду.

Илимий саамалыктын экинчи бөлүгү секциялык иштер менен уланып, анда элдик педагогика жана психология,  педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары, гуманитардык, социалдык-экономикалык жана филологиялык илимдер, предметтерди окутуунун усулу, багыттары боюнча катышуучулар өз баяндамаларын окушту.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер